• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдөгү бала бакчаларда өрткө каршы иш-чаралар өткөрүлүүдө (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарындагы мектепке чейинки мекемелерде өрткө каршы иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, бүгүн, 15-август күнү Таш-Көмүр шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардагы № 14 “Үмүт” балдар бакчасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлгөн.

Машыгуу, шаардык билим берүү башкармалыгы менен 2019-жылга карата мектептерде, балдар бакчаларда өрттү алдын алуу боюнча макулдашылган мерчемге ылайык уюштурулган.

"Машыгуунун жүрүшүндө балдар бакчасынын кызматкерлерине, тарбиялануучуларына өрт же өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, мекемедеги өрт коопсуздук чаралары, жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана өрт өчүрүүнүн ыкмалары үйрөтүлдү", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий