• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдөгү заводдун уу калдыктар сакталган жайындагы абалды иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” КР мыйзамдарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө маселе каралды.

Парламенттен билдиришкендей, депутат Замирбек Мамасадыков бул багытта баяндама жасап, орчундуу көйгөйлөргө токтолду. Депутат Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводунун уу калдыктар сакталган жайында жарылуу коркунучу пайда болуп, эгерде калдык сактоочу жай жарылып кетчү болсо, чөлкөмгө чоң коркунуч келе турганын белгиледи. “Иши токтоп турган заводдо 80 тонна уу калдык (хлорид, трихлорсилан, тетрахлорид) сакталып турат. Мындай заттар көзгө көрүнбөйт, газ түрүндө болот. Билинбей жүрүп адамдын өмүрүн алат. Бул маселе аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү”,- деди З.Мамасадыков.

Аны менен катар депутат Таш-Көмүр шаарынын аймагында таза суу, саркынды суу көйгөйлөрү курч турганын айтты. Ошондой эле Замирбек Мамасадыков Өзбекстан менен чек аралаш аймакта жайгашкан таштанды таштоочу жайдын жана аны кайра иштетүүчү заводдун иши Достук, Үч-Коргон айылдарына жана Шамалды-Сай шаарчасына зыянын тийгизип жатканына токтолуп, жогорудагы маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзүү зарылдыгын билдирди.

Талкуу учурунда депутаттар Султанбай Айжигитов , Нурбек Алимбеков көйгөйдүн актуалдуулугун эске алып, колдоого алды. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводунун айланасындагы маселени кароо боюнча министрлер кабинетинде жумушчу топ түзүлгөнүн белгилеп, экинчи комиссия түзүү зарылчылыгы барбы деген суроо салды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн комиссия «Кристалл» заводундагы жагдайды териштирип, Россия менен уу калдыктарды зыянсыздандыруу маселеси сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында комитет аталган маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзүүнү колдоду.

Пикир

Оставить комментарий