• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкенте КГБ офицеринин уулу Рембрандттын картинасы үчүн соттошууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Ташкент шаардык соту 25-декабрда Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдагы офицеринин уулу Андрей Плужниковдун доо арызын карайт. Ал Рембрандттын картинасынын чыныгы ээси экенин билдирүүдө.

Яккасарай райондук соту 21-ноябрда Рембрандттын калемине таандык сүрөтү кайра сатууга айыпталган жарандарды соттогон: Комил Юлдашев 52 миллион сум (6 миң доллар), Рафаэль Фузаилов 34 миллион сум (4 миң доллар) айыппулга жыгылган.

50 жаштагы ташкенттик инженер Андрей Плужников 15 миллион еврого бааланган Рембрандттын эмгеги ага таандык экенин, өз укугун сотто коргой турганын билдирүүдө. Андрей Плужников сүрөт 50 жыл бою алардын үй-бүлөсүндө сакталганын, картинанын жалгыз ээси экенин айтты:

— Картина менен атама таандык болгон, ал Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук комитетинде 1953-жылдан тарта иштеген. Атам өлгөндөн кийин сүрөт мага мураска калган. 2014-жылы мен картинаны исскуство чыгармаларын кайра сатуу менен алектенген Комил Юлдашевге бергем.

Ал 2014-жылы Камил Юлдашев сүрөттү алып, качып кеткенин ырастоодо. Ал милицияга кайрылганын, кылмыш иши ачылганын, бирок учурда кылмыштын курмандыгы эмес, сотто күбө катары өтүп жатканын билдирди.

Өзбекстан Маданият министрлиги сүрөт 2018-жылы 14-июлда Израилге учуп бараткан Рафаэль Фузайловдун багажынан табылганын билдирди. Sotheby's. аукцион үйүнүн Москвадагы бөлүмүнүн эксперттери бул эмгекти 8-15 миллион еврого баалашкан. Министрлик картина Өзбекстандын менчиги деп эсептейт.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы бул ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий