• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Жарлыктын тексти:

«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 3 „Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө“ чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетке ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.»

1-тиркеме

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамы

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын Президенти, Комитеттин төрагасы;

Боронов Кубатбек Айылчиевич

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары;

Комитеттин мүчөлөрү:

Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Арапбаев Азамат Абдуллажанович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Байбакпаев Экмат

Джурукпаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Иманалиев Данияр

Шаршенбекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Осмонбетов Эмиль Кубатович

Кыргыз Республикасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Адилбек уулу Шумкарбек

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;

Койчуманов Таалайбек

Джумашевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Шаршекеев Марат

Дуйшебаевич

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

Сыдыков Аскар

Куттубекович

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Пономарев Сергей

Васильевич

Кыргызстандын рыноктору, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Ибраев Данил

Турсунбекович

Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

Абдраев Алмазбек

Кошоевич

«Текстиль-Транс» ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Асанов Сапарбек

Жекшебаевич

Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Легпром» ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Алимжанова Дилбар

Икрамовна

Жашылча-жемиш ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Досаев Ренат

Абдуллаевич

Балык чарбаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Ажыкулов Темирбек Назарбекович

«Бизнес Ассоциация ЖИA» ЮЖБнын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кадыров Суюндук

Кадырович

«Сүт союзу» ассоциациянын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кузнецов Ярослав Евгеньевич

«Группа ОргСинтез» АКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Кошоев Данияр Ахунбаевич

Эркин экономикалык зоналардын инвесторлорунун ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Юлдашева Азиза

Узгеновна

«Жер Азыгы» Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Ускенбаева Гульнара

Тураровна

Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Огава Масазуми

«Бир айыл — бир продукт» моделин Кыргыз Республикасынын башка региондоруна жайылтуу боюнча долбоордун башкы кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Осмонова Зарина Турсунбековна

«Сталкер» ЖЧКнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Мурат Кызтек

«CLAY KING» (Клэй Кинг) ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча).

2-тиркеме

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө

ЖОБО

Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет (мындан ары — Комитет) Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулук шарттарын жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн.
  2. Комитеттин негизги милдети Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
  3. Комитет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы № 251 «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

  1. Комитеттин функциялары жана укуктары
  1. Комитеттин функциялары:

1) өнөр жай жана ишкердик чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

2) төмөнкү маселелер боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу:

— өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана модернизациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо чаралары;

— ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу;

— региондордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын көтөрүү;

— улуттук инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.

  1. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде актуалдуу маселелерди кароо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарды, улуттук жана эл аралык эксперттерди, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө;

2) тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;

3) бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине белгиленген тартипте катышууга;

4) жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт.

  1. Комитеттин курамы жана аны түзүүтартиби
  1. Комитеттин жеке курамын Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
  2. Комитетти Кыргыз Республикасынын Президенти жетектейт. Комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, илимий-академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет.
  3. Комитеттин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
  1. Комитеттин ишин уюштуруу
  1. Комитеттин жыйналышын төрага жетектейт. Комитеттин төрагасы жок болгон учурда анын тапшырмасы боюнча анын орун басары Комитеттин төрагасынын милдеттерин аткарат.
  2. Комитеттин жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
  3. Комитеттин жыйналыштарынын күн тартиби Комитеттин жыйналышында бекитилген учурдагы жыл үчүн иш планга ылайык түзүлөт. Зарыл болгон учурда Комитеттин мүчөлөрү күн тартибинин долбооруна кошумча маселелерди киргизе алат.
  4. Эгерде Комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Комитеттин жыйналышы мыйзамдуу болуп эсептелет.
  5. Боло турган жыйналыштын күн тартибинин долбоору жана материалдары жыйналыш башталганга чейин кеминде 3 жумушчу күн калганда Комитеттин мүчөлөрүнө жиберилет.
  6. Комитеттин чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделип, ага төрага кол коёт. Добуш берүүдө добуштар тең болгон учурда Комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
  7. Комитеттин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын үчүнчү жактарга бере албайт.

  1. Комитетти уюштуруучулук-методикалык, техникалык жана финансылык камсыздоо

  1. Комитеттин ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык камсыздоону Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы ишке ашырат.
  2. Комитеттин ишин финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий