• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун чагылдырган тасманын бет ачары өттү

Маданият 0

Ташкент, 03.10.23. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Ташкентте белгилүү кыргыз актрисасы Бакен Кыдыкееванын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган даректүү тасманын бет ачары өттү.

Иш-чара ХV Ташкент эл аралык кинофестивалынын алкагында атайын аянтчада уюштурулуп, ага 80 мамлекеттен келген атактуу кино ишмерлери катышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин айтымында, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы“ деп жарыялаган.

“ТҮРКСОЙ Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык урматына ысмын алып жүргөн Жаш көрүүчүлөр театрына бюстун орнотуп, бардык каражатын өз мойнуна алды. Басмадан Бакен Кыдыкееванын энциклопедиясы чыгып жатат. Бул китепти чыгаруу толугу менен ТҮРКСОЙ тарабынан жүргүзүлдү. Бишкекте Кыдыкееванын урматына өткөрүлгөн " ART-ORDO – 2023” IX эл аралык театр фестивалында атайын сыйлык уюштурулду. Ошондой эле аталган фестивалга бардык Түрк дүйнөсүнөн театрларды активдүү катышууга тартты. Кыргыздын улуу актрисасы жана легендасынын ысымы дүйнө аралап баратат”, - деп белгиледи Султан Раев.

Ошондой эле Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Анкара, Баку, Ашхабад, Астана, Алматыда шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий