• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси тергөө абагына киргизилди

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечимине ылайык, аял 2024-жылдын 11-январына чейин СИЗОдо болот.

Белгилей кетсек, 8-ноябрда болжол менен 23:30дар чамасында “102” кызматына белгисиз аял төрөп, ымыркайын Элебесов көчөсүндөгү таштанды чакага таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыктам тобу барып, таштанды чакадан ымыркайды табышкан.

Аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ымыркайдын энеси делип 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий