• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте акыркы төрт айда 845 жол кырсыгы катталып, андан 19 киши каза болгон

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2021-жылдын 4 айында 845 жол кырсыгы катталып, 1 084 жаран ар кандай жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынан 19 киши каза болгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 учурга аз.

Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгыш жана батыш автобекеттерде, Ош жана Аламүдүн базарларындагы алыскы аймактарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда кызматкерлер автоунаалардын техникалык абалы оң абалда болуусу, жарык берүүчү үн чыгаруучу каражаттардын өз нугунда иштөөсү жана айдоочуда каттамга чыгуу чурунда уктап эс алып, психологиялык жактан даяр болуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий