• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 253 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус дагы 253 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 120, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 84, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 315 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 174, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 10 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Талас облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 569 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 65 бейтаптын абалы орто оордукта, 408 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 558 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 497 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 219 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 483 киши айыгып чыкса, 1 миң 725 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий