• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин 7 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзгөн борбордун 7 көчөсүндө курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Исакеев көчөсүндө Ч.Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аймакта курулуш иштери жүрүүдө, учурда сугат үчүн арыктарды орнотуп жатабыз.

Ошондой эле Свердлов районунун аймагындагы Гражданский көчөсүндө Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүктө эски асфальт катмарын алуу жана пайдубалын тыгыздоо боюнча жумуштарды аяктады, учурда кыртышты тегиздөө иштери жүрүүдө. Ушундай эле жумуштар “Чыгыш-5” кичи районундгы Армия көчөсүндө Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүктө аткарылды.

Мындан тышкары Ленин районунда Левоневский көчөсүн Л. Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн пайдубалын даярдоодобуз, учурда тротуардын жээк таштарын орнотуп жатабыз. Пишпек көчөсүн Д.Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейин эски асфальтты алып, демонтаждоо иштери аяктады. Жолго жыйынтыктоочу асфльт төшөө пландаштырылууда.

Ошондой эле Биринчи май районунда Шевченко көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо толугу менен аяктады, анын узундугу 180 погон метр, туурасы 6 метрди түздү. Дал ушул учурда Васильев көчөсүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки аймакты экскаватордун жардамы менен сугат арыктарынын плиталарын бузуп, сугат арыктарынын тармактарын кол менен тазалап, кыртышты тегиздөө иштери жүрүүдө

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорду (сүрөт жана видео) WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот: 0550 888162.

Пикир

Оставить комментарий