• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мал соючу жайлар калктын ден соолугун коркунучтуу илдеттерден сактайт – Жумаканов

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов республиканын түштүк облустарына болгон иш сапарынын алкагында ар бир райондордо жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, маалымат алууда.

Анын айтуусунда, ар бир райондо айыл өкмөттөрдө мал соючу жайлардын курулуусу эң биринчиден адамдардын ден соолугуна болгон коркунучтун алдын алат. Малдан жуккан эхинококкоз, альвеоакоккоз ооруларын жеринде аныктап, малдын этин таза сапаттуу калкка жеткирүүнүн эң мыкты жолу. Бул багытта азыр республиканын аймактарында мал соючу ЕАЭБдин талаптарына жооп берген жайлар ачылууда.

"Аймактарды өнүктүрүү башкы приоритет болуп турган кезде биз дагы ветеринардык кызматты талапка жараша которолу деп жатабыз. Азыр мал соючу жайлар Чүй облусунун райондорунда, Нарындын Кочкор райондорунда, Оштун Өзгөн, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука районунда ачылды. Бул биринчи кезекте элдин саламаттыгын коргоо" -деп белгиледи Жумаканов.

Жумаканов билдиргендей, мал соючу жайда мал толук ветеринардык көзөмөл менен союлуп, андан кийин текшерүүгө алынып эттин тазалыгы тастыкталгандан кийин гана калкка сунушталат. Бул коркунучтуу эхинококкоз жана альвеококкоз өңдүү малдан адамдарга жуга турган кооптуу илдеттерди алдын алаарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий