• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Катардын ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды, ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Аталган макулдашууга кызыкчылыкты арттыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда учуулардын жана аба аркылуу жүк ташуулардын географиясын кеңейтүү жөнүндө чечимдин негизинде кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий