• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖЭБдеги авария. "Келечек" реабилитациялоо борборундагы балдар убактылуу башка мекемеге которулат

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборуна кошулган "Келечек" балдарды реабилитациялоо борборундагы кызмат алуучулар Сокулуктагы реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда "Келечек" борборунда майыптыгы бар 33 бала стационардык дарыланууда, анын ичинен план боюнча бүгүн 17 баланын реабилитациясы аяктап чыгарылыш керек болчу. Абал министр Гүлнара Баатырованын көзөмөлүндө.

""Келечек" реабилитациялык борбору ЖЭБдин борбордук жылытуу системасына кошулгандыктан, калган майыптыгы бар 16 баланы ата-энелери менен биргеликте Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Калган интернаттар штаттык режимде иштеп, бардык социалдык мекемелерде жылуулук нормалары сакталган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий