• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын мүлкү бүгүнкү күнгө чейин уурдалууда - Осмонов

Коом 0


Бишкек, 24.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сот департаментинин кызматтык адамдарынын жана физикалык жактардын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен КР профсоюздар Федерациясына зыян келтирилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын токой тармагынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Канат Осмонов билдирди.

Ал билдиргендей, Советтер союзунун таркашы менен Кыргызстандын профсоюзунун мүлкүн тоноо жана сатуу уланууда. “Биз көптөн бери күрөшүп жатабыз, бирок, тилекке каршы натыйжасыз. Биз укук коргоо органдарына кайрылдык, бирок учурду КПФ мүлкүн колго алуу аракеттери уланууда. Айрым инстанциядагы соттук процесстер жылдап созулууда”, - деди Осмонов.

“Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыжан Етекбаевдин айтымында, бул жагдай сот департаментинин айрым кызматтык адамдары жана айрым физикалык жактар Профсоюздар Федерациясынын мүлкүнө карата канчалык мыйзамсыз аракет көрүп жаткандыктарын көрсөтөт.

Ал белгилегендей, Кыргызкурорттуризмдин төрагасы Кадыр Темиралиев болуп турганда менчик ээсинин макулдугусуз Федерациянын айрым кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу жана белекке берүү учурлары болгон. “КР профсоюздар Федерациясынын Уставына ылайык, менчик ээси болуп жогорку башкаруу органы – КПФ Кеңеши саналат. Кыргызстандын профсоюздар Кеңеши гана кыймылсыз мүлктү башкага берүүгө макулдугун бере алат. Буга мисалы катары кыймылсыз мүлк Федерациянын Кеңешинин макулдугу жок сатылганын келтирүүгө болот. Бул Узакманова аттуу жаранга сатылган “Ысык-Көл” турпансионатынын 3,71 га жери”,- деди Етекбаев.

Ал алардын укук коргоо органдарына кайрылууларынын натыйжасында кылмыш иши козголгонун билдирди. Бирок Темиралиев Ысык-Көл райондук сотунун токтому менен кылмыштын мөөнөтүнүн эскилигине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Анткен менен мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий