• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда катталган авиакомпаниялар “жүк-200дү” акысыз ташууга милдеттендирилет - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 04.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар “жүк-200дү” акысыз ташууга милдеттендирилет. Бул тууралуу брифингде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаментинин директорунун орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Ал Транспорт жана жолдор министрлиги тиешелүү буйрукту даярдап жатканын белгиледи.

2017-жылы чет жактан жалпысынан 238 адам, алардын ичинен 216сы Россияда каза болгон.

“Бул ТИМ аркылуу өткөн учурлар гана. Ошондой эле, өз алдынча же диаспоралар тарабынан ташуу учурлары бар”,- деди ал.

Мындан тышкары, Имангазиев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен Россиянын аймагында кыргызстандыктардын жашоосу жеңилдегенин билдирди. Буга Кыргызстандын РФ ФМК “кара тизмесиндеги” жарандарынын саны 30% кыскарышы мисал боло алат.

“Буга чейин мында 116 миңге жакын жаран болсо, бүгүнкү күнү 84 миң катталган. Мындан тышкары, КР жана РФ эксперттик чөйрөсү Россиянын иш берүүчүлөрү кыргызстандыктарды кыйла престиждүү жумуштарга ала башташканын айтышууда. Ошондой эле, КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин аракети менен Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Россияда таанылат” , - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий