• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тазалыктын” кызматкерлерине 8-мартка карата кийим тигүүчү машиналар берилди

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттукташты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана "Smart Generation" коомдук фондунун өкүлдөрү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин куттуктап, тигүү машиналарын тартуулашты.

“Япониядан чыгарылган 30 тигүүчү машина тапшырылды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы «Smart Generation» ассоциациянын президенти Мохаммад Абед Эль Жажиге көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий