• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тазалыктын” жумушчулары шаардын көчөлөрүн кардан тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Өткөн эс алуу күндөрү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчылары шаардын көчөлөрүн, тротуарларды, аялдамаларды кардан тазалап чыгышты.

Кар жааган учурда шаардык кызмат тарабынан 752 тонна кум жана 57 тонна туз сарпталган.

Аларды себүүгө атайын техникалар жана ишкананын жумушчулары тартылган.

Эскерте кетсек, жолдорду тазалоо, кум себүү боюнча билдирмелерди төмөнкү номерлерге сүрөттөрү менен бирге жиберүүгө болот:

-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;

-Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

-Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

-Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле, мэриянын Call-борборуна күнү-түнү 185 жана 1840 номерлерине чалып, сүрөттөрдү 0554-182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий