• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте Чоң Чүй каналынын боюна жаңы темир тосмолор орнотулат

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналынын боюна жаңы темир тосмолор орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын коопсуздугу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан темир тосмолор жасалды.

"Чоң Чүй каналынын түштүк тарабына Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий