• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажик чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммед Улугхожаев камакта отурат.

Анын апасы Зебо Улугхожаева уулун соңку ирет эки апта мурун көргөнүн айтты. 16-апрелде коопсуздук кызматынын өкүлдөрү анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Шектүүнүн апасынын айтымында, адвокатты жаңы гана жалдашты, уулу эмне себептен күнөөлөнүп жатканын билбейт. “Менин балам мыйзамга каршы эч кандай иш жасаган эмес”, – деди ал.

Жергиликтүү басылмалар подполковник Мухаммед Улугхожаев мамлекеттик сырды ачыкка чыгарганы үчүн камалганын жазышууда.

"Азия-Плюс" агенттигинин маалыматына караганда, Улугхожаев эки аптадан бери абакта отурат. Ал купуя белгиси бар кабарды почта жана мессенжер аркылуу кимдир бирөөлөргө жөнөткөнү айтылууда. "Ахбор" веб-сайты Улугхожаев үйдөгү компьютери менен жашыруун маалыматты эл аралык уюмдарга жиберип турганын билдирди.

Бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек.

Улугхожаевге каршы кылмыш иши козголгон-козголбогону белгисиз.

Мухаммед Улугхожаев 36 жашта, Тажикстандын Технологиялык университетинин физика факультетин бүтүргөн. Буга чейин “Азия-Плюс” агенттигинде, Тажикстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2009-жылы Чек ара башкы башкармалыгына которулуп, 2014-жылы мекеменин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий