• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажик улутундагыларга карата басмырлоо, зомбулук болууда деген маалымат жалган – Исмаилов

Аймак 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда тажик улутундагыларга карата басмырлоо, зомбулук болууда деген маалымат жалган. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги башка өлкөнүн жаранына, анын ичинде тажик улутуна карата басмырлоо болуп жатканы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт жана эч кандай фактылар менен тастыкталбагандыгын билдирет.

“Бул сыяктуу фактылар өлкөдө жок экенин расмий түрдө билдирем. Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан – өз мекени болуп эсептелинет”, - дейт ал.

Исмаилов белгилегендей, учурда Баткенде кырдаал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда.

“Түзүлгөн тергөө тобу тарабынан кагылышууда жабыркаган имараттарды кароо иштери жүрүп, келтирилген чыгым аныкталууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий