• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Түптө куткаруучулар жаңы шаймандар менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жаңы шаймандар менен камсыздалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Түп районунун администрациясы жана районду өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 922 миң 500 сомго гидравликалык шаймандар, суу сордуруучу мотопомпа тапшырылды.

Мындан сырткары, ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы райондук бөлүмгө унаа тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий