• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстан Улуттук банкы ички рынокто доллар жетишсиз экенин мойнуна алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Тажикстанда жергиликтүү компаниялар жана жеке ишкерлер валюта рыногунда доллар тартыш болуп жатканын билдиришүүдө.

Бизнес өкүлдөрү Улуттук банкка валюта саясатын кайра карап чыгууну сунушташып, болбосо биринчи керектелүүчү товарлар, анын ичинде ун жана бензин дефицити пайда болорун эскертишүүдө.

Тажикстан Улуттук банкы ички рынокто америка доллары жетишсиз болуп жатканын мойнуна алды. АКШ долларына болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн 9 айда кредиттик уюмдарга 104 миллион доллар бөлүнгөн. Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо үчүн Эл аралык валюта корунан жардам сурап кайрылууга ниеттенүүдө.

Улуттук банк доллардын тартыштыгын стартегиялык маанилүү объектилерди курууда бюджеттик чыгымдардын көбөйгөнү жана мамлекеттик карыздарды төлөө башталганы менен түшүндүрдү.

Бул арада Тажикстанда импорттун көрсөткүчү экспортко караганда дээрлик үч эсеге көп. Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү товарлардын дээрлик баары тыштан келет. Бул дагы долларга болгон суроо-талаптын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.

Жергиликтүү адистер болсо Улуттук банк валюта операцияларына монополия кылып, коммерациялык банктардын эркиндигин чектегенин, бул чет өлкөлүк валюталардын тартыштыгына алып келгенин билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий