• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда коомдук жайларда беткап тагынбаган 2600дөн ашык кишиге айып салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Тажикстанда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган жаңы жоболордун негизинде 2 600 кишиге айыппул салынды.

Быйыл июлда өлкөнүн Административдик кодексиндеги эки беренеге өзгөртүүлөр киргизилген. Анда гигиена эрежелерин сактабагандарга, анын ичинде коргоочу беткап тагынбагандарга айыппул салуу жазасы каралган. Бийлик мындай өзгөртүүлөр өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирген.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, айыппул салынган 2 600 кишинин көбү коомдук транспорттордо, базарларда жана дүкөндөрдө беткапсыз жүргөндүгү үчүн жазаланган.

Жаңы жоболордо беткап тагынбагандарга 116-290 сомони (11-29 доллар), кооптуу жугуштуу ооруларды жайылткандарга 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын быйыл 30-апрелде билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 9049га жетип, 72 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий