• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө Ошто да сезилди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Тажикстандагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө Ошто да сезилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күн мурун, 3-майда саат 20:42де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий