• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов: Нооруз - жаңылануунун, ак тилектин, аруу ниеттин, ыйман менен ынтымактын белгиси

Аймак 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов облустун жашоочуларын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу Ош облусунун тургундары!

Бүгүн биз жаңылануунун, ак тилектин, аруу ниеттин, ыйман менен ынтымактын белгиси болгон ата-бабаларыбыздын нускалуу каада-салттарына бай, кылымдардан кылымдарга уланып келе жаткан улуу Нооруз майрамын жарык маанай, өзгөчө шаң менен белгилеп жатабыз.

Сиздерди Ош облусунун жалпы калкынын жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Нооруз-тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам жашоосунун ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы.

Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат.

Бул майрамдын көөнөрбөс касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн кылымдан-кылымга, муундан-муунга мурас катары тартуулагандыгында.

Коомубуздун гүлдөп-өнүгүшү, ар бир атуулдун татыктуу жашоосу адамдардын бири-бирине жасаган мамилесине рухий дүйнөсүнүн, пейилинин тазалыгына байланыштуу болот эмеспи.

Буюрса, Нооруз менен башталган жаёы жылыбыз алдыга койгон ак ниет, тилектерибиз ишке ашышына негиз түзүп, Ош шаарынын, Ош облусунун көп улуттуу калкы ынтымакта, биримдикте мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө татыктуу салымдарын кошооруна ишеничибиз чоң.

Бири-бирибизге жакшылык каалап, дилибизди, пейилибизди тазартуучу бул улуу майрам жалпы кыргыз журтчулугунда анын ичинде Ордолуу Ош жергесинин айыл жерлеринде да элибиздин нукура каада салттарын, баалуулуктарын даңазалоо менен жогорку уюшкандыкта аткарылып жатат.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкүдөй улуу майрамдарды жалпы элдик майрам катары белгилөө көп улуттуу элибиздин ынтымагын бекемдеп, достугун чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.

Кайсы улуттун өкүлдөрү болбойлу бири-бирибизди урматтап, сыйлап, өз ара достукту чыңдап, мамлекетибизди ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү, каада-салттарыбызды кийинки муундарга мурас катары өткөрүүбүз абзел.

Жер-эненин мээримин, табийгаттын кооздугун, жан дүйнөнүн аруулугун даёазалап келген улуу Нооруз жер жарып, көк чыгарсын, күн нурун адамзатка тегиз тийгизсин, бардык атуулдардын жүрнөнү мээрим уяласын, элибизге тынчтык, бейпил турмуш, ынтымак, токчулук, молчулук тартууласын.

Жылдын жаңырышы менен өлкөбүздө өнүгүү, тынчтык, жерибизде береке мол болсун.

Пикир

Оставить комментарий