• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Темиркулов: Глобалдуу чакырыктарга туруштук берүү үчүн Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өз ара аракеттер болушу керек

Коом 0


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга иш сапары менин көз карашымда татыктуу өттү. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат таануучу Азамат Темиркулов ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын президентинин Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапарына өз оюн айтып жатып билдирди.

“Биз аймактык жагынан эле жакын эмес, экономикалык, маданий, коопсуздук маселеси, тарыхы жана тили жагынан да жакын элбиз”,-деди Темиркулов.

Саясат таануучу бүгүнкү күндө глобалдык каатчылык учурунда экономикалык жана социалдык гана эмес, ошондой эле глобалдык коопсуздук архитектурасы кыйрап жаткан коопсуздук каатчылыгында эки мамлекет табигый түрдө союздаш болуп, ошондой эле аларды чечүү жолдорунда да бирдей максаттарга, кызыкчылыктарга ээ болушу керек деп белгиледи.

Темиркуловдун пикиринде глобалдык чакырыктарга каршы туруу мумкүнчүлүгү болушу үчүн Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өз ара аракеттер болушу абзел. “Менин оюмча президенттердин жалпы тил табышканы жана жогоруда айтылгандай, жолугушуу позитивдүү болгон, бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер мындан ары да оң багытта өнүгүп, биздин өлкөлөр бардык глобалдык деңгээлдеги чакырыктарга жана коркунучтарга ийгиликтүү жооп кайтарат дегенди билдирет”,-деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий