Бишкек, 27.11.17./Кабар/. “Теплые ключи” эс алуу жайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн “Теплые Ключи” эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусунда куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Өрттү өчүрүүгө 26-ноябрда КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, тоодо күйүп жаткан куураган чөп жана арчаларды өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 13:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 40 га куураган чөп жана арчалар күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий