• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда балта менен судьяга кол салган адам 15 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Тажикстанда Пянж райондук сотунун төрагасына балта менен кол салган Диловар Олимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24-ноябрда Хатлон облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим өткөн апта соңунда кабыл алынып, бирок азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Хатлон облустук сотунун төрага орун басары Темур Бойзоданын айтымында, Диловар Олимов кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында адам өлтүрүү үчүн кол салуу беренеси дагы бар.

Окуя 31-августта Паянж районунун сотунун имаратында болгон. Диловар Олимов райондук соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Рахимзода жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бөлмөсүндөгү эмеректердин баары талкаланган.

Бир суткадан кийин Диловар Олимов кармалган. Анын иши Хатлон облустук прокуратурасында каралууда. Прокуратурадан билдиришкендей, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниеттенбегенин айткан.

Окуя болгон күнү, 31-августта Паянж райондук сотунда Олимовдун мурдагы аялынын доо арызы каралган. Ал биринчи жубайы менен расмий никеге турган эмес жана эки баласын өзүнүкү катары тааныбай койгон. Бирок сот балдардын атасы Олимов экенин тастыктап, ар бирине 130 сомониден алимент төлөөгө милдеттендирген. Олимов соттун чечимине нааразы болуп, үйүнөн балта алып келип кол салган.

Паянж райондук ооруканасынан билдиришкендей, судья оор жаракат алган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий