• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоң районунда оңдоп-түзөөдөн кийин Ак-Кырчоо каналы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүгүн Тоң районунда оңдоп-түзөөдөн кийин Ак-Кырчоо каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, президенттин аймактагы өкүлү Уланбек Далиев, ошондой эле бир катар жетекчилер жана коноктор катышты.

Белгилей кетсек, башкы суу бөлүүчү курулмасы Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен толук калыбына келтирилди. Курулма секундасына 7 метр куб суу өткөрүүгө ылайыкталган. Узундугу 17,5 км.

Ак-Кырчоо каналынын ачылышы облустун инфраструктурасынын жана айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу салым гана кошпостон, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын далили болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий