• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эркинбек Маматаев Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басарлыгына дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Эркинбек Маматаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тийешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жаңы дайындалган Эркинбек Маматаевди ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат кызматкерлерине жана облустук мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды.

Облус өкүлү дайындалган жетекчини куттуктап, Жалал-Абад облусу өлкөдөгү ири аймактардын бири экенин, учурда аткарылуучу жумуштар да арбын экенин айтты. Мындан сырткары облустун ар тараптуу өнүгүүсүндө жигердүү салым кошуу менен жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий