• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган эки тараптуу документтер:

— Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекет башчыларынын Биргелешкен Декларациясы;

— Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга Комплекстүү программасы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек-автодорожный» жана Казакстан Республикасынын «Карасу-автодорожный» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрөнү куруу жана жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө Макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабы менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер аба майдандарында аскер аба кемелерин кабыл алууну, аэродромдук-техникалык камсыздоону жана кайтарууну уюштуруу тууралуу Келишим;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг боюнча комитетинин ортосундагы экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу Келишим;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара кызматташуу тууралуу Келишим;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция минисрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитеттеринин ортосундагы метрологиялык көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуу тууралуу Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстан Республикасынын «КазахИнвест» УК Акционердик коомунун ортосундагы Келишим;

Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин Бешинчи отурумунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдерге кол коюлду:

— Кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө;

— Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары жөнүндө;

— Логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий