• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаарында иниси агасын өлтүрүүгө шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Токмок шаарында иниси агасын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-сентябрда милицияга Токмок шаарынын Нижне-Луговая көчөсүндөгү үйдө 61 жаштагы Б.В. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөнү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталып, өлгөн жаран бир тууган иниси 58 жаштагы Б.А. менен чогуу жашары, алар окуя болгонго чейин үйүндө чогуу арак ичип, уруша кетип, ал өлүм менен аяктагандыгы аныкталды.

Шектүү Б.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий