• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто таанышынан 10 миң доллар алып бербей жүргөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Токмок шаарында таанышынан 10 миң доллар алып бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ИИБне 43 жаштагы Д.Д. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, чала тааныш аял анын ишенимине кирип, эки жуманын ичинде кайра кайтарып берүүсүн убада кылып, 10 миң АКШ долларын алып ошол боюнча кайтарып бербей из жашырып жүргөнүн айтып, аталган жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Токмок шаардык ИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Токмок шаардык ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий