• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда кылмыш кылып, Россияда жашырынып жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү республиканын аймагынан тышкары укук коргоо органдарынан жана сот органдарынан качып, издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМинин РРдагы өкүлчүлүгү менен РФнын аймактык укук коргоо органдары биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Россиянын Москва жана башка шаарларында жашырынып, издөөдө жүргөн адамдарды кармашты.

Алардын баары Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

- КР жараны Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган А.К. Санкт-Петербург шаарында кармалган. Ал КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2021-жылдын май айынан баштап Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Санкт-Петербургдагы тергөө абагына киргизилген. Учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык, экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

КР Жалал-Абад облусунун тургуну 1985-жылы туулган К.М. кармалган. 2020-жылдын август айында Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген, учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык, экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

КР Жалал-Абад облусунун тургуну 1991-жылы туулган Ш.Ф. кармалган, ал 2020-жылдын октябрь айында Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү") кылмышты жасагандыгы үчүн ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген, учурда аны экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Айтылгандардан тышкары, төмөнкү жарандар дагы кармалып тергөө абактарына киргизилген: КР жараны, Ош облусунун тургуну 1980-жылы туулган Ч.У. Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренесини 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жазагандыгы үчүн ("Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо") издөөдө жүргөн. Кылмыш иши 1998-жылдын ноябрь айында козголгон.

Алимент төлөбөгөндүгү үчүн 2019-жылдын апрель айынан бери Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган Б.К. кармалган. 2009-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган Чүй облусунун тургуну 1971-жылы туулган М.К. аныкталып, кармалды. КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") издөөгө алынган.

КР жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 1987-жылы туулган А.А. кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") кылмышты жасагандыгы үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи тарабынан 2019-жылдын декабрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Чүй облусунун тургуну 1985-жылы туулган Р.Х. кармалган. Ал Бишкек ШИИББнин Биринчи май РИИБи тарабынан КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1969-жылы туулган Т.Т. кармалган. Ал 1998-жылдын августунда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясы) 190-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүгөн кылмыш жасагандыгы үчүн ("Абактан качып кетүү") мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда бардык издөөгө алган тараптарга маалымдамалар берилип, республикадан тышкары укук коргоо органдарынан жашырынып издөөдө жүргөн адамдардын кармалгандыгы боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп, андан ары жоопко тартуу маселелери чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий