• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто жана Аралда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу жайлары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Кемин, Чүй райондорунда жана Токмок шаарында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу менен күрөшүү боюнча рейд уюштурулду.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз сатуу фактылары Токмок шаарында үч жерде жана Арал айылында 1 жерде аныкталды.

“Учурда мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келгендерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат ”- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий