• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иштин экинчи баскычы башталды – Назаров

Коом 0

Кара-Көл, 18.10.19. /Кабар/. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иштин экинчи баскычы башталды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук энегргохолдинг ишканасынын башчысы Айтмамат Назаров билдирди.

Ал белгилегендей, гидроэлектрстанциядагы иштердин биринчи баскычы 2017-жылы башталган.

"Биринчи баскычтын жүрүшүндө 55 млн доллар каралган. Биз аны 37 млн долларга түшүрдүк. Биринчи баскычта үч негизги жабдык алмаштырылды", - деди ал.

Назаровдун айтымында , экинчи баскычтын алкагында 4 гидроагрегат алмаштырылат.

"Ал боюнча иштер башталды. Гидроагрегаттарды даярдоо боюнча иштер жүрүүдө. 2020-жылы бирөө, 2021-жылы экинчи, 2023-жылы үчүнчү жана төртүнчүсү орнотулат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий