• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте жаш шахматчылар арасында өлкө биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Бишкекте 6дан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Бишкек шаарында 31-октябрдан 9-ноябрь күндөрү болот. Медалдар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жаш курактагылар арасында ойнотулат.

Турнир швейцариялык системанын негизинде 9 тур боюнча өткөрүлөт. Ачылыш аземи 1-ноябрда саат 09:00дө болот.

Шахмат боюнча мелдеш ошол эле күнү саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий