• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн Дүйнө чемпионатына үч медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына үч медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Биринчилик Казакстандын Алматы шаарында 24-26-ноябрь күндөрү өткөн, Ага 33 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.

КР курамасынын куржунунда бир күмүш жана эки коло медаль бар:

  • Катедттер арасында Селина Алисултанова (50 кг);
  • Милана Зацепилина (50 кг чейин) жана Максим Дахин (47 кг чейин).

Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Шевченко Сергейдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий