• 81.21
  • 82.35
  • 1.32

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 941 млн куб метрди түздү

491 кароо Коом 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 941 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 190 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 421 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий