• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Токтогулда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 3-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында Токтогул районунун 22 жаштагы Б.Т. аттуу тургунун 23 жаштагы Б.К. учтуу курч нерсе менен оң жак далысына бир жолу сайып качып кеткен. Ошондой Б.К. 22 жаштагы Ж.Б. аттуу Токтогул районунун тургунун белгисиз ок атуучу курал менен оң жак бутуна бир жолу атып, денесине жараат келтирген.

Аталган окуялар боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы фактыларга шектүү катары өтүп жаткан Токтогул районунун 1997-ж.т. Б.К. аттуу тургунуна Токтогул РИИБи тарабынан издөө иши ачылган.

Мындан сырткары Токтогул РИИБдин БЗМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 24-декабрында Токтогул районунун аймагынан Бишкек шаарына "У” аттуу атуул баңгизатын мыйзамсыз ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүшү боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 33 жаштагы Э.Ж. башкарып бара жаткан “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Алынган маалыматтын негизинде текшерүүгө алган учурда, автоунаанын айдоочусунан өз ыктыяры менен целофан пакетине салынган өзгөчө кескин жыты бар болжол менен 220 гр. болгон “Гашиш” баңгизатына окшогон зат алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн иш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында табылып алынган баңгизат Токтогул районунун 23 жаштагы Б.К. аттуу тургунуна таандык экендиги такталган.

Жогорудагылардын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Токтогул районунун тургуну, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1997-ж.т. Б.К. Бишкек шаарынан кармалган. Учурда шектуу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий