• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: “Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунун бөлүкчөсү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. “Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунун бөлүкчөсү аныкталды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында Талас облусунун тургундарынын ичинен "Күрдистан жумушчу партиясы" ЭТУнун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө жарыяланган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды.

КР УКМК Россия Федерациясынын атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 16-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну “С.О.О” аныкталып кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында эки тараптуу келишимге ылайык издөөдө жүргөн объект (жаран) Кыргызстанга экстрадицияланды.

Азыркы учурда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, анын ичинде бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий