• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри жеке суроолор менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жарандар менен жолугуп, жеке көйгөйлөрүн укту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага вице-мэрлер, аппарат жетекчи жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты. Мэр арыз ээлеринин ар бир маселеси менен таанышып, тийиштүү тармактарга чечүү, көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.

Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү кичи райондордогу жолдорду оңдоо, материалдык жардам, жер тилкесине уруксат кагазын берүү, турак жай алуу өңдүү маселелерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий