• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады. Абалдары оор

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Токтогулда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында Honda CR-V жана Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган С.Р. аттуу эркек киши каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Абалдары учурда оор деп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий