• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу райондордо сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 15-16-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий