• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин 20 мектебинде окуучулардын саны арбын

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бишкектин 20 мектебинде окуучулардын саны арбын. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, алар – көбүнчө гимназия же лицей макамын алган мектептер жана жаңы конуштагы мектептер.

“Биз бул багытта эки этапта иш алып барып жатабыз. Биринчиден, биз мектептерде электрондук кезек системасын киргиздик. Экинчиси, стратегиялык маселе – билим берүү сапатын текшерүү. Ыктыярчылар билимди текшерүү жүргүзүп, аккредитациядан өткөрүштү. Мектептердин баардыгы аккредитациядан өттү”, - деди министр.

Кудайбердиева, 111 мектеп аккредитацияны бир жылга өткөнүн белгиледи.

Премьер-министр билдиргендей, 1-сентябрга карата 15 жаңы мектеп ачылса, жылдын аягына чейин дагы 30 мектеп курулуп бүтөт.

Пикир

Оставить комментарий