• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сугатчылар айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге ачык кат жолдошту

Коом 0

Бишкеек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргызстандагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу боюнча Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге ачык кат жолдошту. Бул тууралуу Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топтон билдиришти.

Алардын айтымында, өлкөдөгү 1 млн гектардан ашык сугат жерлердин 736 миң гектарын сугат суу менен камсыз кылуу кызматын 486 Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПАлар) камсыз кылат. Өлкөдөгү 5,7 миң км чарбалар аралык каналдарды райондук суу чарба башкармалары тейлесе, 23.2 миң км ички чарбалык каналдар СПАлардын тейлөөсүндө.

«Чарбалар аралык каналдарды капиталдык оңдоого жана калыбына келтирүүгө жылына республикалык бюджеттен 370 млн. сом каржыланса, ички каналдарга СПАнын бюджетинен болгону 34,9 млн. сом оңдоп түзөөгө кетет. Учурда 18 миң километрден ашык ички каналдар жер каналдары болуп, капиталдык ремонтко муктаж. Анын айынан 40-60% сугат суу дыйкандын талаасына чейин эле жерге сиңип, жоготууга учурап жатат», – деп ачык кайрылууда айтылган.

Ички ирригациялык тармактарды курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен жеңилдетилген 25% гана кайтарым менен насыя берилип жатат. Ошентсе дагы, СПАлар тарабынан кайтарым начар болуп жатат. Бул насыянын эсебинен 133 СПА 2309 км ички каналдарды реабилитация кылышкан, б.а. жалпы ички иригациялык инфрструктураны 10 пайызы. 2019-жылдын аягына карыз 691 млн 288 миң болсо, кайтарымы 110 млн сомду түзүп, болгону республика боюнча насыя кайтарымы 17 пайыздын тегерегинде.

«Учурда, карыздын 300 млн сомдон ашыгы кечиктирилген төлөмдөр болуп, ага штраф, пеня кошулуп жатат, карыздын суммасы күндөн күнгө өсүп келет. Бул көрүнүш, учурда СПА лар инвестициялык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу башкарууну камсыз кыла албагандыгын билдирет», – деп айтылган.

Ачык кайрылууну жасаган Ирригация маселелери боюнча Демилгелүү топ өлкө бою талкууларды өткөрүүнүн негизинде түзүлгөн. Мурда да атайын президентке да, депутаттарга да кайрылып келишкен. Алардын сунуштары боюнча сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн, башкарууну СПАдан алып Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына өткөрүп берүү, жана ички каналдарды калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берүүнү суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий