• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тергөө абагына жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. / Кабар/. 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатып кармалган Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту шектелүүчү Жусубалиевди келерки жылдын 21-январына чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Эсерте кетсек, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий