• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү концепциясы сунушталды.

«2018-жылы ИДПдагы туризмдин үлүшү 4,99% түздү. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн биздин өлкөгө 6 946,5 адам келип кеткен. Туристтик ишмердиктен республикалык бюджетке салыктык түшүүлөр 107 054,9 миң сомду түздү», - деп билдирди Өмүрбекова.

Ошону менен бирге ал белгилегендей, өлкө Өкмөтүнүн алдында туризмди экономиканын бюджет түзүүчү негизги тармактарынын бири катары кылуу милдети турат, ал аймактык өнүгүүгө, жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга аракеттешет.

«Атамекендик туризм маселелери тууралуу айтсак, анда негизги катары төмөнкүлөрдү атоого болот: туристтик жана рекреациялык зоналардын инфраструктурасынын жетишсиз өнүккөндүгү, биздин өлкөнү негизги туристтик рынок менен байланыштырган түз аба каттамдарынын жетишсиздиги, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги аэропорттордогу сервис деңгээлинин эл аралык стандарттарга дал келбестиги (аэропортто жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча процедуралар, узун кезектер, багаждын кечеңдеши, такси кызматтары), туристтик инфраструктурага мамлекеттик капиталдык салымдардын жетишсиз көлөмү», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр ырастагандай, бүгүнкү күнү артыкчылыктардын бири инфраструктураны өркүндөтүү болуп саналат.

«Трассалардын боюнда сапат стандарттарына жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берген кафелер, кемпинг жана отелдерди курууну карап чыгуу зарыл. Туристтик бизнести кантип пайдалуу, республиканы чет элдик туристтер үчүн кантип жагымдуу кылыш керек деген суроо биздин ишибиздин артыкчылыгы болуш керек. Белгилүү болгондой, туристтер үчүн аба транспорту жүрүүнүн артыкчылыктуу түрү болуп саналат. Демек, авиалиниялар түйүнүн жана заманбап аэропортторду өнүктүрүү зарыл. Муну менен катары туризм тармагы экологиялык багытталган болушу жана актуалдуу экологиялык талаптарды эске алуу менен өнүгүүсү зарыл», - деп белгиледи ал.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр белгилегендей, коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулуктун биргелешкен күч-аракети зарыл.

«Ошону менен бирге эле аймактарды бренддөө боюнча иштер жүрүшү керек, алардын ар биринин өзүнүн туристтик тармакты өнүктүрүү программасы иштелип чыккан болушу кажет. Ар бир облуска «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын өкүлү бекитилиши зарыл, ал өкүлдөр менен тыгыз кызматташтыкта жер-жерлерде тигил, же бул аймактын потенциалын илгерилетет», - деп белгиледи вице-премьер.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдагы жайкы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды, тиешелүү органдарга аталган Планды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий