• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы менен шайлоо системасы жакшырышы мүмкүн – Бекматов

Коом 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында көптөгөн маселелер анын ичинде шайлоо системасына тиешелүү суроолор да талкууланды. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө жакшы натыйжалар болуп, пландар талкууланды.

“Бизге шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоорун талкуулоо кайсы багытта иштөө керектигин так көрсөттү - мыйзамдык жана техникалык. Убакыт жана жооптуу органдар боюнча да бизге тапшырма коюлду. Биз парламент менен биргеликте коюлган тапшырмалардын аткарылышына түрткү боло турган мыйзам долбоорлорун даярдайбыз”, - деп билдирди Бекматов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, алдыда дагы көптөгөн жумуштар бар. Мисалга, биометрикалык маалыматтарды чогултууну улантуу.

“Республиканын бардык жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан жок – бул факты. Ошондой эле жергиликтүү депутаттар, мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоо боюнча мыйзамдар каралат”, - деп айтты БШК төрагасынын орун басары.

Эске сала кетсек, бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жаңыланган курамдын катышуусундагы жыйындын жүрүшүндө 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралды. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий