• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Римде кыргыз-италия кызматташтыгынын кеңири чөйрөсү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Рим шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Италиянын президентинин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Фабио Кассезе жана Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмонд Чириелли менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий жана маданий өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. 2023-2024-жылдары жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүү боюнча өз ара ниети ырасталды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында 2023-жылдын жазында Италиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу жана Бишкек шаарында саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Тараптар Бишкекте саясий консультацияларды ийгиликтүү өткөрүү өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча даярдык иштеринин маанилүү бөлүгү болорун белгилешти.

Белгилей кетсек, жолугушуу Римде өткөн Европа Бирлиги – Борбордук Азиянын жогорку деңгээлдеги жетинчи конференциянын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий