• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы-элчи Эдуар Ауэрди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда 2021-жылга коюлган пландар, ошондой эле кызматташтыктын алкагында боло турган иш-чаралар талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Казакбаев Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолуна бекем берилген, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзгөн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон өлкө катары Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюунун жана ратификациялоонун мындан аркы процессин тездетүү маселесине өзгөчө маани бериле тургандыгын билдирди.

Министр Казакбаев Кыргыз Республикасы демократиялык принциптер, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар жана келишимдер боюнча милдеттенмелер өлкөдө саясий кризисти болтурбоо үчүн так сакталышын камсыз кылууга умтула тургандыгын баса белгиледи.

Эдуар Ауэр Европа Биримдиги 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында жакшы уюштурулган президенттик шайлоону кубаттай тургандыгы жөнүндө кабарлады. Президенттик шайлоо өлкөдөгү саясий туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн маанилүү кадам болгонун баса белгиледи. Европа Биримдиги Кыргыз Республикасына социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, акыйкат башкарууга, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүсүң улантат деп белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.

2021-жылы Бишкекте Европа Биримдиги-Борбор Азия 1-экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы долбоордук-программалык иш-чараларынын алкагындагы иштерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий